Мыктыбек Абдылдаев "Баткенде чатак чыкса, бирөөлөр лыжа тээп жүрөт" деп Аида Саляновага тийишти
Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 14-январдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев башкы прокурор Аида Салянованын дарегине какшык сын айтты. Депутаттын сөзү жол кырсыктары боюнча маселе каралып жатканда айтылды.
Автор: Автандил Добулбеков
"Ысык-Көл - туризмдин чордону, ага бара жаткан жолдун жээгине туризмди чагылдырган нерселер коюлушу керек. Мисалы бүркүт, элик сыяктуу. Жолдо бир илбирс турат, башынын жарымы жок. Муну ким көзөмөлдөйт? Биздин чоңдор Ысык-Көлгө унаасында уктап барып, уктап келеби деген ойго келесиң. Же лыжага барганда... Азыр лыжа тебүү мода болуп кетпедиби. Баткенде чатак чыгып тополоң болуп жатса, бирөөлөр лыжа тээп жүрүшөт. Телефон тартпаган жакта, эч нерсе менен иши жок",- деди Абдылдаев.
Эскерте кетсек, 12-январда прокурор айым лыжа базаларынын биринде лыжа тээп жүрүп башка лыжачы менен сүзүшүп кеткен. Салянованын акыреги жана эки кабыргасы сынып, 13-январда ага операция жасалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

