Хуситтер Израилдин соккусуна жооп кайтарды
Йемендин түндүгүн башкарган хуситтер Израилдин Йемендин батышындагы портторго жана электр станциясына жасаган соккусуна жооп иретинде Израилге 11 ракета жана учкучсуз учактар менен кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган кыймылдын билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.
Чабуул Бен-Гурион аэропортуна, Ашкелондогу электр станциясына жана Ашдод портуна жасалган. Ошондой эле сегиз учкучсуз учактын жардамы менен Умм-эль-Рашраш порту да бутага алынган.
Буга чейин Израил Йемендин Ходейда, Рас-Иса жана Ас-Салиф портторуна, ошондой эле Рас-Канатиб электр станциясына жана Galaxy Leader аттуу мурда басып алынган кемеге сокку урган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:44
2025-07-08

13:39
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.