Садыр Жапаровдун Тажикстанга аз убакытта кайра барышы боюнча түшүндүрмө берилди
Президент Садыр Жапаровдун 8-9-июль күндөрү Тажикстанга дагы иш сапары менен бара тургандыгы маалым болду.
Бул арада президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип кыска убакытта мамлекеттик сапарлардын кайра ишке ашышы боюнча түшүндүрмө берди.
"Адатта, эл аралык тажрыйбада мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапарларды алмашуусу белгилүү бир убакыт аралыгында жүргүзүлөт. Мындай кыска убакытта – 4 айдын ичинде, тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Тажикстан менен өз ара мамлекеттик сапарларды ишке ашыруубуз кыргыз дипломатиясынын тарыхындагы оң прецедент болуп саналат. Садыр Нургожоевичтин Борбор Азия мамлекеттери менен көйгөйлүү маселелерди чечүүгө, достук, өз ара ишеним жана ынак коңшулук мамилелерди тереңдетүүгө болгон бекем чечкиндүүлүгүн айгинелеп турат.
Президенттин тажик тараптын чакыруусун кабыл алып, мындай кыска мөөнөттө жооп иретинде мамлекеттик сапар менен Тажикстанга баруу чечими мамлекет башчыбыздын коңшу мамлекеттер менен мамилелерди бекемдөө аркылуу Кыргызстандын жарандарынын, анын ичинде чек арага жакын Баткен жана Ош облустарынын тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга өзгөчө, артыкчылыктуу көңүл буруп жатканын айкын далилдейт", - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.
Айта кетсек, Садыр Жапаров 31-мартта Тажикстанга иш сапары менен барып, Эмомали Рахмон менен жолуккан.



