Axios: Израил Иранга кайра кол салууга даярданууда
Израил Иранга каршы согуштук аракеттерин кайра баштоого даярданып жатат. Бул тууралуу америкалык Axios басылмасы өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Макалада Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңешчиси Рон Дермер Вашингтонго жасаган акыркы сапарынан кийин Израилдин жогорку даражалуу аткаминерлерине АКШ президенти Дональд Трамп белгилүү шарттарда Иранга жаңы сокку урууга макулдук бере аларын айтканы белгиленет.
Буга Иран бийлигинин Израилдин жана Американын бомбалоосунан жабыркаган Фордо, Натанз жана Исфахандагы өзөктүк объекттеринен байытылган уранды чыгарып кетүү аракети себеп болушу мүмкүн. Axios басылмасы Тегеран уранды байытуу боюнча бузулган ишканаларды калыбына келтирүү аракетинен улам Израилдин куралдуу күчтөрү дагы согуштук аракеттерди кайра башташы мүмкүн деп жазат.
Эске салсак, 13-июнда Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштаган. Анын максаты Тегерандын өзөктүк программасын жок кылуу болгон. Буга жооп иретинде Иран Израилге чабуул койгон.
22-июнда АКШ Ирандагы үч өзөктүк объектиге сокку урган. Иран буга да жооп кылып, Американын Жакынкы Чыгыштагы эң ири авиабазасы Катардагы Аль-Удейдге чабуул жасаган. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп эки өлкө ок атышууну токтотуу келишимине келишкенин жарыялаган. Ок атышпоо келишими 24-июндан тарта күчүнө кирген.

