super.kg logo

МАГАТЭ башчысы: "Ирандын өзөктүк программасын жок кылуу мүмкүн эмес"

 

МАГАТЭнин (Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик) башкы директору Рафаэль Гросси Ирандын өзөктүк программасын толугу менен жок кылуу мүмкүн эмес экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, мындай маанилүү өлкөнүн технологиялык жана өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен жок кылуу аскердик жол менен мүмкүн эмес, андыктан бул маселени дипломатиялык жол менен чечүү зарыл.

"Бул маселени аскердик жол менен чечүү мүмкүн эмес, анткени технологиялык жана өнөр жай базасы бар маанилүү мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн толук жок кылууга болбойт. Дипломатиялык келишимге жетишүү керек. Ал келишимдин бир бөлүгү катары текшерүүчү механизм жана керектүү структура каралышы зарыл",- деди Рафаэль Гросси Варшавада журналисттерге.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк жана коргонуу объекттерине каршы операция баштаган. 22-июнда АКШ да бул операцияга кошулуп, алардын Аскер-аба күчтөрү Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы объекттерге сокку урган. Фордо - Ирандын негизги өзөктүк объекттеринин бири болуп саналат, анда уран байытуучу эки цех 80-90 метр тереңдикте жайгашкан.

АКШ президенти Дональд Трамп бул соккулардын натыйжасында Ирандын өзөктүк программасы "толугу менен жок кылынды" деп билдирген. Бирок Ирандын Тышкы иштер министрлиги "олуттуу зыян келтирилди" деп гана маалымдаган. Америкалык чалгын кызматынын маалыматтарына ылайык, Ирандын өзөктүк программасы жабыркаган, бирок толугу менен жок кылынган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: