Непалдын Кытай менен чектеш жагында катуу сел жүрдү (видео)



Бүгүн, 8-июль күнү эртең менен Непалдын түндүгүндөгү Кытай менен байланыштырган Митери көпүрөсүн сел каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, Расугадхи чек ара бекетинин аймагында 18 адам дайынсыз болууда. Алардын арасында үч полиция кызматкери, тогуз жергиликтүү тургун жана алты кытай жараны бар.
Сел Кытай тарапта нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон. Сел жергиликтүү бажы аймагын талкалап, тогуз жүк ташуучу контейнерди алып кеткен. Бир нече адам куткарылган. Бирок суунун деңгээли жогору болгондуктан издөө иштерин кыйындатып жатканы айтылды.
Тимуре районундагы электр унааларын кубаттоочу станция жана Расугадхи ГЭСинин плотинасы да жабыркаган. Окуя болгон жерге баруучу Пасанг-Лхаму унаа жолунун бир бөлүгү да жабыркап, куткаруу техникасын жеткирүү кыйындады.
08.07.25.
08.07.25.

