Ош шаардык Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого даяр
Ош шаардык Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого даяр. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Нурдинов Рыспек билдирди.
"Аймактык шайлоо комиссиясынын акыркы жыйыны 13-январда болуп өткөн. Анда шайлоонун убактысын белгилегенбиз. Учурда шаардык кеңештин 45 депутатына бюллетендер даярдалып, атайын конверттерге салынды. Ага комиссиянын 10 мүчөсү кол койду",- дейт Нурдинов Рыспек.
Эске салсак, Ош шаарынын мэрлигине Айтмамат Кадырбаев жана Мелис Мырзакматов ат салышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

