super.kg logo

Камчыбек Ташиев Оштогу “Достук” чек ара бекетин карап чыкты (видео)

 
Бүгүн, 8-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарына иш сапары менен барды. Алгач атайын кызматтын башчысы "Достук" чек ара бекетинин айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери менен таанышты.
Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев чек ара бекетинин айланасы жана унаа жолунун эки четинде жайгашкан курулуштардын буга чейинки абалына токтолуп, жалпы маалымат берди.
УКМК башчысы Чек ара бекетинде кирип-чыккан унаалардан акча алуу фактылары боюнча даттануулар болуп жатканын айтып, жетекчилерди жумушуна жоопкерчилик менен мамиле кылуу чакырды.
"Достук" чек ара бекетинин башчысы коррупциялык элементтер жоюлганын айтып ар күнү чек арадан 20 миңдей адам өтөрүн билдирди.





08.07.2025

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: