super.kg logo

Германия: DeepSeek Европа талаптарын бузуп, маалыматты Кытайга жөнөткөн

 

Берлин шаарындагы Маалыматтарды коргоо жана маалымат эркиндиги боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Майке Камп Google менен Apple компанияларынан DeepSeek аттуу жасалма интеллект сервисинин мобилдик тиркемесин өздөрүнүн колдонмо дүкөндөрүнөн алып салууну талап кылды. Бул тууралуу PC Gamer басылмасы кабарлады.

Маалым болгондой, буга DeepSeek сервисинин Европа Биримдигинин Жалпы маалыматтарды коргоо регламенти (GDPR) талаптарын бузуп, колдонуучулардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз түрдө Кытайга өткөрүп жатканы себеп болгон.

Расмий билдирүүдө DeepSeek Кытайда колдонуучулардын маалыматтары европалык деңгээлде корголуп жатканын далилдей алган эмес. Ошондой эле Кытай өкмөтүнүн жергиликтүү компаниялардан жеке маалыматтарды талап кылуу укугу бар экенине жана Кытай жарандарынын маалыматтарын коргоого байланыштуу укуктук механизмдери алсыз экенине көңүл бурулган.

Бул талап Майке Камптын DeepSeek сервисин Германия базарынан өз эрки менен алып кетүү же маалыматтарды иштетүү саясаттарын өзгөртүү боюнча мурунку чакырыгына жооп болбогондон кийин коюлду.

Тиркеме азырынча дүкөндөрдөн дароо алынып салынбайт. Анткени Google жана Apple компаниялары расмий кайрылууну карап чыгып, андан кийин гана чечим кабыл алышат. Чектөөлөр Германия менен гана чектелиши мүмкүн, бирок Европанын башка өлкөлөрүнө да жайылышы ыктымал.

DeepSeek платформасынынмаалыматына ылайык, ал колдонуучулардын тексттик суроолорун, чат тарыхын, жүктөлгөн файлдарды, жайгашкан жерин, колдонгон түзмөктөрүн жана тармактык маалыматтарын иштеп чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: