Байтик айылындагы жер тилкелерин бөлүштүрүү иштери текшериле баштады

Маалым болгондой, аталган аймактын 25-30дай тургуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү менен айылдын Маданият үйүнөн жолугушуп, айылдын батыш тарабындагы жер тилкелери тууралуу маселени көтөрүшүп, ал жерлер өз билемдик менен бөлүнүп кеткендигин билдиришкен.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, Байтик айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.А. тарабынан 30дай жер тилке мыйзамсыз жана тиешелүү документтерисиз бөлүнүп берилгендиги боюнча маалымат алышты.
Учурда тактоо иштери кызуу жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.