super.kg logo
  Саясат  

Тажикстандын борборунда кыргыз ыр-күүлөрү жаңырды

 

Бүгүн, 8-июлда президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон Душанбе шаарындагы "Кохи Борбад" мамлекеттик комплексинде өткөн искусство чеберлеринин "Түбөлүк достук" деп аталган концертин көрүштү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Көрүүчүлөргө Кыргызстан менен Тажикстандын жамааттарынын жана аткаруучуларынын катышуусундагы концерттик программа тартууланды.

Иш-чарада эки өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырган салттуу жана заманбап музыкалык жана бий өнөрлөрү көрсөтүлдү.

Кыргызстандын атынан иш-чарада Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Нурдин Тугелов атындагы "Ак-Марал" мамлекеттик бий ансамблинин солисттери, Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, ошондой эле Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестри чыгышты.

Белгилей кетсек, иш-чара маданият күндөрүнүн алкагында өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: