Трамп Путинге нааразы экенин айтып, кичине белек даярдап жатканын билдирди
АКШ президенти Дональд Трамп Орусия лидери Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу маселеси боюнча аракеттерине нааразы экенин билдирди. Ошол эле учурда америкалык лидер согушту токтотуу үчүн мындан ары эмне кылууну көздөп жатканын тактоодон баш тартты.
"Мен сизге айтпай эле коёюн. Биз кичине белек болгубуз келет",- деген Трамп шейшембиде Ак үйдөгү журналисттер менен болгон жолугушуусунда.
"Ал (Путин) бизге дайыма жакшы мамиледе болгон. Бирок бул маанисиз",- деп кошумчалаган АКШ президенти.
Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу ал күткөндөн да татаал иш болуп чыкканын моюнуна алган. Ал андыктан Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү четке каккан жок. Ак үй башчысы Конгресстин жаңы чектөөлөр боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуу келечеги анын өзүнүн чечимине жараша болорун белгиледи.
"Алар муну толугу менен менин тандоомдо кабыл алышат",- деп айткан ал.
