super.kg logo

Израил менен ХАМАС кыймылынын сүйлөшүүлөрү кандай жыйынтыкталганы айтылды

 

Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы кагылышууну жөнгө салуу боюнча Катарда өткөн сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы олуттуу жыйынтык берген жок. Бул тууралуу The Times of Israel гезити палестиналык булакка таянып жазды.

"Израил менен ХАМАСтын ортосунда ок атышууну токтотуу жана Газа секторундагы барымтага алынгандарды бошотуу тууралуу мүмкүн болгон макулдашууга байланыштуу Катардагы сүйлөшүүлөрдө эч кандай маанилүү жылыш болгон жок",- деп айтылат маалыматта.

Палестиналык аткаминердин айтымында, Израил делегациясы көбүнчө жөн гана угуп, ар бир маселе боюнча Иерусалимдеги бийликтен кеңеш алып турган. "Бул алардын чечим кабыл алууга ыйгарым укугу жок экенин көрсөтөт",- деп белгилеген ал.

Ошондой эле ал Израилдин сүйлөшүүлөрдү атайын созулуп жатышы мүмкүн экенин, бул кандайдыр бир келишимге жетпөө саясатынын уландысы экенин айтты.

5-июлда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху коопсуздук кабинети менен жыйын өткөрүп, анда Газадагы барымтадагыларды бошотуу жана делегацияны Дохага жөнөтүү маселеси талкууланган. Израил расмий өкүлдөрүнүн айтымында, ХАМАС өз талаптарын жумшарткан, муну Катар менен АКШ тарабынан көрүлгөн басым менен түшүндүргөн.

2-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп Израил Газа тилкесинде 60 күндүк ок атышууну токтотууга макул болгонун билдирген. Анын айтымында, бул боюнча Ак үй менен Израил жетекчилиги сүйлөшүү өткөрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: