super.kg logo
  Саясат  

Орловка айылындагылар “Талды-Булак” алтын кенинин ишине нааразы

 

Бүгүн, 14-январда Чүй облусунун Кемин районунда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин көчмө жыйыны өтүп жатат. Жыйынга комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев баштаган депутаттар: Мамытбай Салымбеков, Эсенгул Исаков, Эркингүл Иманкожоева, Каныбек Иманалиев, Райкан Төлөгөнов, Кантемир Мурзалиев катышууда.

Алгач депутаттар Кемин шаардык кеңешинин депутаттары менен бирге Орловка айылына жакын жердеги “Талды-Булак” алтын кенин иштетип жаткан “Алтынкен” компаниясынын иши менен таанышты. Жергиликтүү депутаттардын айтымында, эл “Талды-Булак” алтын кенинде экологиялык талаптардын сакталбай жатышына нааразы. Иштетилген калдыктар сакталчу жай булак чыккан жерге курулуп жатыптыр.

Жыйында курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык абалды турукташтыруу, техникалык коопсуздукту сактоо жаатындагы маселелер да каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: