super.kg logo

218 миң сомго чейин... Быйыл ЖОЖдордо окуу акысы канча? Тизме

 

Жакынкы күндөрү Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда абитуриенттерди кабыл алуу башталат.

Көпчүлүк ЖОЖдор кабыл алууну жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгына жараша жүргүзөт. Бирок ЖРТнин жыйынтыгын талап кылбаган окуу жайлар да бар. Алсак, чыгармачылык жана спорттук багыттагы университеттерде өзүнүн сынактарын өткөрүшөт. Ал эми БААУ (АУЦА), Борбор Азия университети (УЦА), “Ала-Тоо” Эл аралык университети сыяктуу окуу жайлар өз алдынча сынактардын негизинде кабыл алып, жеңилдиктерди да беришет.

"Алтын сертификат" ээси болгон абитуриенттер каалаган ЖОЖго сынактан тышкары толук грант менен тапшыра алышат.

2020-жылдан бери ЖОЖдорго тапшыруу процесси “Абитуриент Онлайн” платформасы аркылуу онлайн жүргүзүлүп келет. Абитуриенттерге окуу жайга баруунун кереги жок, жөн гана документтерин онлайн тиркешет.

Быйыл педагогикалык адистиктер боюнча бюджеттик негизде окуу каралган эмес. Ошондой эле бул адистиктерге тапшыруу үчүн ЖРТнын босого упайы130дан башталат. Мындан тышкары, педагогикалык багыттар боюнча ваучер берилет.

Төмөндө жогорку окуу жайларынын быйылкы окуу акысы тууралуу маалымат беребиз.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети

Бул окуу жайында эң жогорку окуу акысы 91 миң сомду түзөт. Кыргыз-Eвропа факультетинин Бизнести башкаруу бөлүмү англис тилин окутуу менен университеттеги эң жогорку контракттык баага ээ. Ал эми аталган окуу жайдын Нарын шаарындагы Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинде окуу акысы минималдуу. Анда контракт 36 миң сомду түзөт.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бул окуу жайда контракттын орточо суммасы 55 миңден 80 миң сомго чейин жетет. Ал эми эң жогорку окуу акысы Медициналык факультетте. Анда Дарылоо ишин окуу 90 миң сомду түзөт.

Эң төмөнкү окуу акысы Дин таануу институтундагы Дин таануу жана Теология жана Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Филологиялык билим берүү (Манас таануу) адистигинде. Бул багытта контракттык төлөм 40 миң сом экени көрсөтүлгөн.

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Бул жогорку окуу жайында контракттын эң жогорку суммасы Архитектура жана дизайн институтунда көрсөтүлгөн. Жалпысынан бул институтта контракт 81-120 миң сомду түзөт. Эң жогорку окуу акысы Архитектуралык жаңылоо багыты боюнча 120 миң сом экени белгиленген. Ал эми эң төмөнкү контракттык төлөм аталган окуу жайдын Кара-Көл шаарындагы филиалында көрсөтүлгөн. Анда сырттан окуу боюнча Гидротехникалык курулуш-Экспертиза жана мүлктү башкаруу жана Транспорттук процесстердин технологиясы багыттарында контракт 27 840 сомду түзөт.

Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети

Бул окуу жайда эң жогорку контракттык төлөм "Лингвистика" боюнча Маданияттар аралык коммуникациянын теориясы жана практикасы. Корей тили жана маданияты (корей тили) багытында 72 000 сом экени көрсөтүлгөн. Ал эми минималдуу окуу акысы Жаратылыш-таануу билим берүүсү, Мейманкана иши, Экология жана менеджмент факультетинде 42 350 сомду түзөт. Ушундай эле баа Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунда да көрсөтүлгөн. Жалпысынан бул университетте контракт 50-70 миң сомго чейин.

К.И.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университети

Аталган окуу жайда эң жогорку окуу акысы катары 70 миң сом Юриспруденция (Жер жана агрардык укук) багыты боюнча экени айтылган. Калган багыттарда 55 миң сомдон 60 миң сомго чейин көрсөтүлгөн. Ошондой эле бул окуу жайга жалпы республикалык тестирлөөдөн 100 упайдан ашкан абитуриенттер тапшыра алышат.

Кыргыз Республикасынын эл аралык университети (Батыш кампусу)

Эл аралык окуу жайында эң жогорку контракттык төлөм 218 миң сомду түзөт. Мындай жогорку окуу акысы кош дипломдуу программа боюнча Бизнести башкаруу (Эл аралык бизнес), Программалык инженерия (Киберкоопсуздук), Экономика (Дүйнөлүк экономика) адистиктеринде көрсөтүлгөн. Ал эми эң минималдуу контракт сырттан окуу багыттарында 60 миң сом. Жалпысынан бул окуу жайында окуу акысы орточо 120 миңден 140 миңге чейин көрсөтүлгөн.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Медициналык окуу жайда эң жогорку контракт стоматология багытында жазылган. Анда бир жылдык окуу акысы 110 миң сомду түзөт. Ал эми эң минималдуу окуу акысы Медайымдык иш адистигинде 35 миң сом экени көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы академиясы

Акы төлөнүүчү негизинде күндүзгү билим берүү факультетинде Юриспруденция адистиги боюнча контракттык төлөм 46 миң сомду түзөт. Ал эми Укук коргоо ишмердүүлүгү багыты боюнча билим алуу акысыз. Жалпы бюджеттик негизде 150 орун каралган.

Кыргыз-Түрк "Манас" университети
Бул окуу жайда билим алуу акысыз. Жалпысынан университет өзүнүн сынагы жана Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына карап кабыл алат. Быйыл аталган окуу жайда Түркиянын Медицина илимдери университети менен биргеликте медицина факультетине кабыл алуу башталды. Аталган факультетте окуу акысы 4 миң долларды түзөт.

Россия Федерациясынын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети

Бул окуу жайда максималдуу контракт 200 000 сом, ал Стоматология адистигинде билим алуу үчүн белгиленген. Калган адистиктер боюнча контракттын суммасы 110 миңден 185 миң сомго чейин каралган.

"Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети" илимий изилдөө университети

Максималдуу контракт Эл аралык финансы жана Тышкы экономикалык ишмердүүлүк жана эл аралык соода адистиктери боюнча белгиленген. Окуу акысы 110 миң сомду түзөт. Бул багыттар боюнча билим берүү англис тилинде жүргүзүлөт.

Калган багыттар боюнча контракттык төлөмдүн суммасы 65 000 сомдон 74 850 сомго чейин экени көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

Бул окуу жайда Бизнес башкаруу (Эл аралык бизнес башкаруу) жана Эл аралык мамилелер (Дипломатиялык жана Консулдук кызмат) багыттарында 89 500 сом экени жазылган.
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту
Бул окуу жайда эң жогорку контракттын суммасы 126 500 сомду түзөт. Ал Аба транспортундагы транспорттук процесстердин технологиясы. Аба транспортунун кыймылын башкаруу (Диспетчер) жана Транспорттук технологиялык машиналарды, аба транспортунун комплекстердин жана системаларын эксплуатациялоо [Учуучу аппараттарды учууда эксплуатациялоо (Пилот) адистиктеринде каралган.
Ал эми калган бөлүмдөрдө окуу акысы 92 759 сом экени көрсөтүлгөн.
Эл аралык Кувейт университети

Бул окуу жайда окуу акысы 45 миңден башталып, 60 миң сомго чейин каралган.
Ош мамлекеттик университети
Максималдуу окуу акысы Дарылоо иши адистиги боюнча 95 миң сомду түзсө, минималдуу контракт Теология багыты боюнча 29 360 сомго барабар.
А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
Бул окуу жайда эң жогорку контракттык баа 40 миң сомго барабар. Мындай сумма Аймак таануу (корей тили), Аймак таануу (Япон тили), Филологиялык билим берүү(англис тили) жана ушул эле багыттын кечки окуу формасында каралган.
Ал эми калган адистиктерде окуу акысы 32 миңден 37 миң сомго чейин көрсөтүлгөн.
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети

Максималдуу контракт Дарылоо иши, Стоматология багыттарында 75 000 сомду түзсө, минималдуу окуу акысы сырттан окуу формасында филологиялык багыттар боюнча 33 840 сомго барабар.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети

Бул окуу жайда эң жогорку окуу акысы Дарылоо иши боюнча 60 000 сом, ал эми минималдуу контракт Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинде 32 000 сом.

Баткен мамлекеттик университети

Максималдуу контракт: 50 000 сом, Дарылоо иши. Калган факультеттерде окуу акысы 35 000 сомдон башталат.

К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети

Максималдуу контракт Дарылоо иши багыты боюнча 85 миң сомду түзсө, калган адистиктер боюнча билим алуу 47 000 – 49 000 сом.

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети

Максималдуу контракт Дарылоо иши боюнча - 58 000 сом. Калган багыттарда окуу акысы 33 000 – 34 000 сомду түзөт.

Талас мамлекеттик университети

Бул окуу жайда билим алуу баасы 46 миңден 48 миң сомго чейин.

Туризм академиясы

Максималдуу контракт 58 000 сом - Менеджмент багытында (туризм тармагында). Минималдуу контракт 39 840 сом - сырттан окуу, Мейманкана кызматын уюштуруу адистигинде.

АДАМ Университети (Бишкек финансы-экономикалык академиясы)

Максималдуу контракт 93 000 сом - Дарылоо иши. Калган адистиктер 55 000 сомду түзөт.
Ислам университети

Контракт: 40 000 – 45 000 сом.

"Кыргызстан Эл Аралык Университети" Окуу-илимий өндүрүштүк комплекси

Эл аралык медицина мектебиндеги "Дарылоо иши" адистигинде контракттык төлөм 130 миң сомду түзсө, Медайымдык иш адистигинде 60 миң сом. Ал эми калган багыттарда окуу акысы 150 миңден 200 миң сомго чейин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: