Красноярскта жолдо унааларды карап отурган аюунун видеосу тарады
Красноярск крайынын Северо-Енисейск жолунда аюу жолго чыгып унааларды карап отурган сүрөт, видео тарады.
Күбөлөрдүн айтымында, бул аюу бир айдан бери ушул жолдо жашап келет. Дайыма унаа токтотуучу жайга чыгат. Эч нерседен коркпойт, аны кууп салуу дээрлик мүмкүн эмес. Бул жерде көбүнчө айдоочулар эс алышат. Дайыма унаалар токтоп, тамактанышат.
Күбөлөрдүн айтымында, аюу бир жарым жашта.
"Бул аюу боюнча бизге эч кандай арыз түшкөн жок. Бул жолго жырткычтар көп келишет. Адамдар аларды багат, арыздар келип түшсө, маалыматты текшеребиз. Аюулардын баары эле агрессивдүү эмес, бирок, албетте, бул жапайы жырткыч",- деген Красноярск крайынын Экология министрлигинин аңчылыкты көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы.
2025-жылдын башынан бери Красноярск крайында адамдарга аюу кол салган фактылар тастыкталган эмес.
Енисей районундагы Епишино айылында (азыр аюу жолуккан трассадан анча алыс эмес) жырткычтар көчөдө ээн-эркин жүрүшөт. Мисалы, бир тургундун үйүнүн тосмосун сындырып, жаш балдай жөлөнүп туруп алган. Дагы бир аюу дүкөнгө адамга окшоп кирип, эч кимге тийишпей кайра чыгып кеткени да айтылат маалыматта.
Жашоочулар айылдарды унаалар менен кыдырууга аракет кылышат, балдарын үйдөн жалгыз чыгарышпайт.
Аюу 1
