Sky News Arabia: ХАМАС Трамптан кепилдик кат алды
ХАМАС кыймылы менен АКШнын ортосундагы негизги ортомчу жана байланышчы болгон ишкер Бишара Бахбах Израил менен 60 күндүк согуш аяктагандан кийин Газа тилкесиндеги согуштук аракеттер кайра башталбайт деген Дональд Трамптын кепилдик катын ХАМАСка жеткирди. Бул тууралуу Sky News Arabia телеканалы билдирди.
Буга чейин Катардагы кыйыр сүйлөшүүлөрдө ХАМАС жана Израил Газада ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жакындашканы айтылган. Бирок бир гана чечилбеген маселе - бул анклавдагы Израил армиясынын статусу болуп жатканы маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:40
2025-07-09

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.