super.kg logo

Көчөдө кишиге жардам сурап келген кирпинин видеосу тарады

 

Кирпинин көчөдөгү кишиге жардам сурап келген видеосу көпчүлүктүн жүрөгүн жылытты. Видео соцтармакта тарады.

Кирпиге бир бутуна скотч жармашып калган, ал жардам издеп көчөдө турган кишинин жанына келип бутун көрсөтүп туруп алган.

Жардам алгандан соң, кайра артка чуркап кеткен. Окуя кайсы жерде болгону ачыкталган эмес.

Белгилей кетсек, кирпи эркиндикте 2-7 жыл, ал эми колдо багууда 8 жылдан 16 жылга чейин жашайт.

Чоң кирпиде узундугу 3 сантиметрге чейин жеткен 5-6 миң, кичинесинде 3 миңге жеткен ийнеси болот. Ийнелери кирпини душмандардан , мисалы, түлкүдөн, карышкырдан, жана үкү сыяктуу жырткыч куштардан сактайт. Эне кирпи жылына 3-6, кээде 7-8ге чейин ийнесиз, кызыл эт баштанган бала тууйт. Төрөлгөндөн кийин бир нече сааттан кийин ийнеси өсө баштайт.

Тишинин саны 36. Жылан, бака, курт-кумурскалар, козу карын, мөмө-жемиштер кирпинин эң негизги азыктары болуп саналат.

Ноябрдан апрель айына чейин аюу сыяктуу чээнге кирип уктайт.






Кирпи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: