Садыр Жапаров Тажикстанда Эмомали Рахмондун уулу менен жолукту









Бүгүн, 9-июлда өлкө башчысы Садыр Жапаров Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында ал өлкөнүн парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомали менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлады.
Маалдагандай, Жапаровго сүйлөшүүлөрдүн алдында тажик парламенттин жаңы имараты тааныштырылган. Андан соң өлкө башчысы ардактуу коноктор китебине жазуу калтырган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин жана парламенттер аралык багытты илгерилетүү маселелерин талкуулашкан.
Рустам Эмомали тажик тарап парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүгө, анын ичинде биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле парламенттик комитеттер менен достук топторунун ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин билдирген.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан Тажикстан менен парламенттер аралык диалогду чыңдоого өзгөчө маани берерин жана бул багытты мамлекеттер аралык алакалардын үзгүлтүксүз өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү деп эсептей турганын белгилеген. Буга байланыштуу Жапаров кыргыз-тажик кызматташтыгын ар тараптуу кеңейтүү жана мазмундуу толуктоо боюнча координацияланган иштерде парламенттердин ролу абдан маанилүү экенин айткан.
Айта кетсек, Рустам Эмомали Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун уулу. Ал апрель айында тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагалыгына кайрадан шайланган.

