Чүйдө 1400 орундуу мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө



Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан Таш-Дөбө айылындагы Бейшеналиева атындагы мектепте толук капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Белгилей кетсек, мектептин биринчи окуу корпусу 1964-жылы, экинчи корпусу 1984-жылы курулган. Жалпы 1400 орунга ылайыкталган билим берүү мекемесинде учурда 1200дөн ашуун окуучу билим алып келет.
Капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, тендердик баасы 173,6 миллион сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө оңдоо иштеринин 70 пайызы бүткөрүлдү, жыл аягына чейин мектепти толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.