super.kg logo

Эртең Пашинян менен Азербайжандын президенти жолугушат

 

Эртең, 10-июлда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Абу-Даби шаарында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы тынчтыкты жөнгө салуу маселелерин талкуулайт. Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз катчысы Назели Багдасарян Facebook социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, Азербайжан президенти менен жолугушуудан мурун Никол Пашинян БАЭ президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Армения менен Азербайжандын лидерлеринин жолугушуусу тууралуу азербайжандык басылмалар да жазышты.

Буга чейин март айында Армения менен Азербайжан тынчтык келишиминдеги 17 берене боюнча макулдашууга жетишкен. Ереван келишимди кайсы жерде жана качан кол коюу маселесин талкуулоого даяр экенин билдирген. Бирок Баку эки шартты койгон: ОБСЕнин Минск тобун таратуу (анын иши 2022-жылдан кийин токтогон) жана Армения Конституциясын өзгөртүү (анда Тоолуу Карабак боюнча Декларацияга шилтеме бар).

Армениялык 24News басылмасынын булагы билдиргендей, келишимге кол коюу сентябрда АКШда же декабрь айында БАЭде өтүшү мүмкүн экени талкууланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: