super.kg logo

Хуситтер Кызыл деңизде экинчи кемени чөктүрүштү

 

Британдык деңиз соодасы боюнча агенттиктин (UKMTO) маалыматына ылайык, хуситтер Eternity C аттуу жүктүү кемеге чабуул жасашкан. Бул кеме Либериянын туусунда, бирок Греция тарабынан башкарылган. Чабуул кайыктардан жүргүзүлүп, кемеге гранатомёттор менен ок атылган. Натыйжада, кеме оор зыян келип, жүрүшүн токтоткон.

Евробиримдиктин аскер-деңиз миссиясы билдиргендей, кемедеги 25 адамдан алтысы — беш филиппиндик жана бир индиялык — куткарылып, калгандарынын тагдыры азырынча белгисиз. Эки адам жаракат алган, алардын бири Орусиянын жараны экени жана ал бутунан ажырап калганы айтылууда.

Reuters агенттиги коопсуздук булагына таянып билдиргендей, төрт адам каза болгон. Хуситтердин өздөрү айрым деңизчилерди "коопсуз жайга" алып кеттик деп билдиришти, ал эми АКШнын Йемендеги элчилиги бул адамдар уурдалып кеткенин жарыялады. Бирок канча адам мындай абалда экени азырынча так эмес.

Хуситтердин айтымында, чабуул Израилге бараткан кеме болгондуктан жасалган. Буга чейин да ушул жумада алар Magic Seas деген дагы бир кемени чөктүрүшкөн. Бул кеме да Либерия туусу менен жүрүп, Греция тарабынан башкарылган. Бирок анын экипажын толугу менен куткарып калышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: