super.kg logo

АКШ Израилдин Палестинадагы аракетин "геноцид" деп атаган баяндамачыга санкция киргизди 

 

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио шаршемби күнү билдиргендей, АКШ бийлиги Палестина аймагындагы адам укуктары боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Франческа Альбанезеге каршы санкциялар киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Рубио X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө, Альбанезе АКШ жана Израилдин уруксаты жок алардын жарандарына карата Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) аркылуу тергөө, камакка алуу же жоопко тартуу аракеттерине түздөн-түз катышканын айтты.

Альбанезе оккупацияланган палестиналык аймактардагы адам укуктарынын абалын изилдеп, Израилдин аракеттерин "геноцид" деп мүнөздөгөн.

Өткөн жумадагы баяндамасында ал АКШнын бир нече ири компанияларын айыптап, алардын кирешеси "мыйзамсыз оккупацияга, апартеидге, азыр болсо геноцидге негизделген израилдик экономикадан" түшүп жатканын билдирген.

2024-жылдын февраль айында АКШ президенти Дональд Трамп ЭКСке карата жазалоо чараларын караган жарлыкка кол койгон. Бул чаралар ЭКСтин "Америка жана анын жакын союздашы Израилге каршы мыйзамсыз жана негизсиз аракеттерине" байланыштуу кабыл алынган.

Анын негизинде Трамптын администрациясы ЭКСтин башкы прокурору Карим Ханга жана дагы төрт судьяга санкция салган. Рубио өзүнүн кошумча билдирүүсүндө Альбанезеге каршы санкциялар дал ушул жарлыкка ылайык киргизилип жатканын айтты.

Белгилей кетсек, БУУнун атайын баяндамачысы — бул Генералдык катчы тарабынан дайындалган эмес. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы билдиргендей, бул кызматты "оккупацияланган палестиналык аймактардагы адам укуктарынын абалын көзөмөлдөп, ага байланыштуу доклад берүү үчүн" Адам укуктары боюнча кеңеш дайындайт. Бул кызмат көзкарандысыз экспертке ыйгарылат.

Эске салсак, 2024-жылдын ноябрында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга жана коргоо министри Йоав Галлантка карата аскердик кылмыштар жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча камакка алуу ордерин чыгарган. Ошондой эле, сот ХАМАСтын үч жогорку жетекчисине да ордер берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: