super.kg logo

Коопсуздук маселелери бар. Кытайлык пауэрбанк чыгарган компания ишин токтотту

 

Кытайдагы белгилүү пауэрбанк өндүрүүчүсү Romoss компаниясы жарым жылга ишин токтотту. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Шэньчжэнь шаарындагы портативдүү кубаттагычтардын эң ири өндүрүүчүлөрүнүн бири болгон Romoss коопсуздукка байланыштуу олуттуу көйгөйлөрдөн улам өндүрүштү жок дегенде алты айга токтотту.

8-июлдан тарта компания расмий түрдө ишин убактылуу токтотконун жарыялап, бул тууралуу кызматкерлерине кабарлаган. Romoss компаниясынын Taobao, JD.com жана Pinduoduo сыяктуу ири онлайн платформалардагы дүкөндөрү жабылып, жеткиликтүү болбой калды. Ошондой эле продукциялар Temu өңдүү чет өлкөлүк колдонуучулар үчүн кызмат көрсөткөн сайттардан да алынды.

Кыйынчылыктар аппараттардан өрт чыгышы мүмкүн болгон кемчиликтер аныкталгандан кийин башталган. Июнь айынын ортосунда Romoss компаниясы үч моделге тиешелүү 500 миңге жакын кубаттагычты артка кайтарып алган. Бул түзмөктөрдүн бардыгы 2023-жылдын июнунан 2024-жылдын июлуна чейин өндүрүлгөн аккумулятор ячейкаларын камтыган.

Мындан соң Кытайдын жарандык авиация башкармалыгы тиешелүү сертификаты жок портативдүү аккумуляторлорду учакка алып кирүүгө тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: