Оштогу Шамшат көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди











Ош шаарындагы Шамшат көчөсү толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Аталган көчө Осмонов көчөсү менен кесилишип, жаңы муниципалдык базардын жанынан өтөт. Жолду пайдаланууга берүү менен базарга келүүчү кошумча жаңы жол пайда болду.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү жашоочулар, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.
Шамшат көчөсү эки карама-каршы багытта жалпы төрт тилкелүү болуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн эки тарабына тротуар жана ирригациялык лотоктору, түнкү жарыктандыруусу бар. Осмонов көчөсүнүн кесилишинен баштап Курманжан датка көчөсүнө чейин созулат. Жалпы узундугу 1,5 чакырымга жакын.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

14:9
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.