super.kg logo

Түштүк Кореянын экс-президенти төңкөрүш уюштурууга шектелип кайрадан кармалды  

 

Сеул соту экс-президент Юн Сок Ёлго кайрадан камакка алуу ордерин берди. Бул декабрда анын кыска убакытка аскердик абал жарыялашы боюнча коюлган айыптарга байланыштуу экенин Politico басылмасы жазды.

Экс-президент алгач январь айында камакка алынып, мартта бошотулган. Экс-президентке төңкөрүш жасоого аракет кылуу айыбы коюлган, өткөн жылдын декабрь айында ал оппозицияны басуу максатында аскердик абал киргизген, ал абал бир нече саатка гана созулган.

Жаңы соттук отурум 9-июлда өтүп, болжол менен жети саатка созулган. Юн Сок Ёлго "ыйгарым укуктарын ашыкча пайдалануу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттик кызматкерлердин ишине тоскоолдук кылуу жана расмий документтерди жасалмалоо" боюнча айыптар коюлду. Сот атайын прокурордун экс-президент эркиндикте калса, далилдерди жок кылышы мүмкүн деген жүйөсүнө макул болду.

Мурдагы мамлекет башчысы убактылуу камак жайына киргизилди. Анын адвокаттары камакка алуу өтүнүчүн ашыкча жана негизсиз деп аташты.

Эгерде экс -президентке жаңы айыптар тагылса, ал соттун баштапкы чечими чыкканга чейин алты айга чейин камакта калышы мүмкүн.

Эске салсак, Юн Сек Ёл өткөн жылдын декабрында импичментке кабылып, апрелде кызматтан четтетилген. Ага коюлган айыптар өлүм жазасына же өмүр бою эркинен ажыратууга алып келиши мүмкүн экени айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: