Шанхай кызматташтык уюмунун кинофестивалынын сыйлоо аземинен көз ирмемдер (фото, видео)






3-7-июль күндөрү Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарында болуп өткөн кинофестивалдын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн кинематография жетекчиликтеринин кинофоруму болуп өттү. Бул тууралуу "Кыргызфильмдин" басма сөз кызматынан билдирди.
Кинофорумга Кыргызстандын атынан Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директорунун орун басары М. Асаналиев, Т.Океев атындагы"Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору А.Бекболотов жана Кинематографисттер союзунун төрагасы Т.Кулмендеев катышты.
"Кыргызфильм" кинофестивалга 4 тасма менен катышты. Алардын арасынан "Качкын" тасмасы негизги сынакка катышып "эң мыкты сценарий" сыйлыгына ээ болсо, "Шамбала", "Эсимде" жана "Error 404" тасмалары "Кыргызстанга фокус" көрсөтүүлөрүнүн алкагында кытайлык көрүүчүлөрдүн назарына сунушталды.
ШКУ кинофестивалындын алкагында жалпысынан 10 өлкөдөн 48 тасма көрсөтүлсө, алардын жыйырмасы сынактык программада 10 сыйлык үчүн ат салышты.
Көз ирмемдер

