super.kg logo

АКШ Бразилияга 50 пайыздык бажы төлөмүн киргизет

 

АКШ 1-августтан тарта Бразилиянын келген бардык товарга 50 пайыздык бажы төлөмүн киргизет. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдирди.

"2025-жылдын 1-августунан баштап Бразилиядан АКШга жиберилген бардык товарлардан, тармактык төлөмдөрдөн тышкары, кошумча 50 пайыздык бажы төлөмү алынат",- деп жазылган Трамптын Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силвага жолдогон катында. Бул кат анын Truth Social социалдык тармагында жарыяланды.

Трамптын айтымында, мындай чечим Бразилиянын "эркин шайлоолорго жана америкалыктардын сөз эркиндигине болгон чабуулдары" үчүн кабыл алынган.

Буга жооп кылып, Бразилиянын президенти Лула да Силва өзүнүн социалдык тармактагы билдирүүсүндө: "Ар кандай бир тараптуу тарифтерге биз Бразилиянын экономикалык мыйзамы аркылуу жооп кайтарабыз. Эгемендик, өз ара урмат жана Бразилия элинин кызыкчылыктарын кайраттуулук менен коргоо – бул биздин дүйнө менен болгон мамилебиздин негизин түзөт",- деп билдирген Силва.

Буга чейин Трамп 1-августтан тарта АКШнын жети соода өнөктөшүнө карата импорттук тарифтерди киргизерин жарыялаган. Анда Филиппинге – 20 пайыз, Бруней жана Молдовага – 25 пайыз, Шри-Ланка, Алжир, Ливия жана Иракка – 30 пайыз экени айтылган.

Ошондой эле дүйшөмбү күнү АКШ президенти Түштүк Корея, Япония, Малайзия, Казакстан, Түштүк Африка, Тунис, Босния жана Герцеговина, Индонезия, Бангладеш, Сербия, Камбоджа, Таиланд, Лаос жана Мьянма өңдүү 14 өлкөгө карата жаңы импорттук бажы төлөмдөрү 1-августтан баштап күчүнө кирерин кабарлаган.

Эске салсак, АКШ БРИКС саясатын колдогон өлкөлөргө кошумча 10 пайыз бажы төлөмдөрүн киргизе турганы айтылган. Көп өтпөй АКШ президенти Дональд Трамп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кат жолдоп, Казакстандан импорттолуучу бардык продукцияларга 25 пайыздык бажы төлөмүн киргизерин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: