"Келечекке сокку". Сурабалдиева ЖОЖдордо окуу акысынын кымбатташы боюнча пикирин билдирди
Быйыл жогорку окуу жайларда окуу акысынын кескин көтөрүлүп кеткени коомчулукта кызуу талкууланууда. Айрым ата-энелер менен абитуриенттер былтыркыга караганда окуу акысы 2 эсе кымбаттап кеткенин айтышууда. Бул боюнча эл өкүлү Элвира Сурабалдиева социалдык тармактардын биринде жеке пикирин билдирди.
"Массалык маалымат каражаттарында жогорку окуу жайларда окуунун баасы кескин көтөрүлүп кеткени айтылууда. Түшүндүрмөсүз. Талкуусуз. Үй-бүлөлөрдүн кирешелерин эске албай. Көпчүлүгү кедейчиликтин чегинде жашаган өлкөдө мындай чечимдер - бул жөн гана капчыктарга эмес, бүт бир муундун келечегине сокку. Мен Жогорку Кеңештин күзгү сессиясында бул маселе көптөгөн депутаттар тарабынан көтөрүлө турганына ишенем, анткени окуу жайга тапшыргандардан көптөгөн арыздар келет",- деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, быйыл окуу акысы былтыркыга салыштырмалуу бир топ кымбаттаган. Алсак, эң минималдуу контракттык төлөм 36 миң сомдон башталса, эң максималдуу окуу акысы 200 миң сомдон ашат.
Быйыл ЖОЖдордо окуу акысы канча экенин бул шилтемеден билсеңиз болот.

