Ереванда теракт уюштурууга шектелип 7 адам кармалды
Армениянын борбору Ереванда террордук ишке даярдык көргөн жети адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Террордук актка даярдык көрүү боюнча кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө жана тинтүү иштеринин жүрүшүндө электрдик детонатор, согуштук граната, запал, октон жана радио байланыш каражаттары табылды",- деп айтылат маалыматта.
Армения парламентинин депутаты Кристине Варданян социалдык тармактарда билдиргендей, депутат Гегам Манукянынын уулу Тарон Манукян жана шаардык комитеттин мүчөсү Арсен Мартоян кармалган. Анын айтымында, тинтүү "Дашнакцутюн" партиясынын мүчөлөрүнүн үйлөрүндө жүрүүдө.
Мурдараак Армениянын парламенти башкы прокурордун өтүнүчү менен өлкөдөгү эң ири оппозициялык фракция "Армения" партиясынын депутаты Артур Саргсяндын үстүнөн террордук акттарга даярдык көрүү жана бийликти басып алуу айыптары менен кылмыш ишин козгоп, камакка алуу тууралуу чечим кабыл алган.
Ал эми июнь айынын аягында Ереванда Армян апостолдук чиркөөсүнүн эки архиепискобу кармалган. Ширак епархиясынын башчысы архиепископ Микаэл Аджапахян бийликти басып алуу чакырыктары үчүн айыпталса, "Кудуреттүү күрөш" протесттик кыймылынын лидери архиепископ Баграт Галстанян "террордук аракеттерди пландаштыруу жана бийликти басып алуу" айыптары менен кармалган. Архиепископтордон сырткары дагы 15 адам камакка алынган.
