УКМК жаңы адистерди жумушка чакырат. Тизме
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жогорку деңгээлдеги техникалык даярдыгы бар, өзгөчө чет өлкөдөн билим алып, маалыматтык технологиялар тармагында атайын компетенцияга ээ болгон жарандарды жумушка чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда аталган мекемеден билдиришти.
"Заманбап чакырыктар жаңы кадрларды талап кылат. Келечектин армиясы инженерлерге, программисттерге, нанофизиктерге, системалык аналитиктерге жана жасалма интеллект боюнча адистерге муктаж. Бул адамдар куралды эле эмес, адамдарга караганда тезирээк, так, ишенимдүү жана эң негизгиси биздин аскер кызматчылары үчүн коопсуз иштеген акылдуу системаларды долбоорлоого жөндөмдүү",- деп айтылат маалыматта.
Мекеме инженерлер, программисттер жана жасалма интеллект адистери акыркы байланыш, чалгындоо, коргонуу жана согуштук башкаруу системдерин иштеп чыгууда негизги ролду ойной турганын билдирди.
УКМК инженердик-техникалык адистиктерге ээ болгон жарандарды төмөнкү багыттар боюнча жумушка чакырат:
- радиоэлектроника;
- учактарды моделдөө (дрон-конструкторлор);
- тоо-кен өнөр жайы - жардыруу иштерине адистешкен;
- физика жана математика (алгоритмдик эсептөөлөр) - программисттер жана адистер:
- криптографияда жана киберкоопсуздукта жана хакерликте универсалдуу программисттер, маалымат базалары менен иштөө, киберкоопсуздук үчүн код жазуу ж.б.у.с.;
- тилдик даярдыгы бар, чет тилдерин жакшы билген (2-3 же андан көп чет тилдерин билген).
Талаптар:
- 28-30 жашка чейин;
- ден соолугу чың, физикалык же психикалык жактан кемчилиги жок;
- жогорку же атайын техникалык билими бар;
- чакырылуучунун аскердик билети же СМР-ПМР;
- өзүнүн жана жакын туугандарынын да соттуулугу жок;
- Чет элдик университеттердин бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берилет.
Артыкчылыктуу студент- катары чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү (Япония, АКШ, Кытай, Түштүк Корея жана Европа) тил базасы бар (2-3 же андан көп чет тилдерин билген).
Мекеме кызыктырган суроолор боюнча УКМКнын штаб-квартирасынын дарегине кайрылса болорун кошумчалады.

