super.kg logo
  Саясат  

Ташиев боксчу Нурадин Рустамбек уулуна унаа белек кылды (фото)

 

Бүгүн, 10-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Астанада болуп өткөн бокс боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болгон кыргызстандык спортчу Нурадин Рустамбек уулун кабыл алды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Генерал-полковник спортчунун жеңиши менен куттуктап, ага автоунаа белек кылды. Ошондой эле төрага Рустамбек уулуна дагы күчтөнүп, дүйнөгө аты чыккан, өлкө желегин желбиреткен боксчу болуусун каалады. Ташиев спортчулардын ийгилиги үчүн мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо боло тургандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде спортчу Нурадин Рустамбек уулу Камчыбек Ташиевге көрсөткөн колдоосу жана белеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу Нурадин Рустамбек уулу Дүйнө кубогунда 75 килограмм чейинки салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалда англиялык спортчуну жеңген. 5-июлда Рустамбек уулу финалга чыгуу үчүн болгариялык спортчу менен беттешкен. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен болгариялык спортчу жеңүүчү деп табылган. Натыйжада Рустамбек уулу 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: