Японияда эки арал бири-биринен 10 сантиметрге жылды
Япониянын түштүк-батышындагы эки кичинекей арал сейсмикалык активдүүлүктөн улам үч күндүн ичинде дээрлик 10 сантиметрге жылып кеткенин чет элдик басылмалар жазышуууда.
Жер кыртышынын кыймылдарын Тохоку университетинин илим мектебинин профессору Ота Юсаку анализдеген.
"Ал 2-июлда болгон 5,6 баллдык жер титирөөдөн кийин үч күндүн ичинде Кодакарадзима аралы түндүк-түндүк-батышка 6 сантиметр, ал эми Такарадзима аралы түштүккө 3,5 сантиметр жылганын аныктады", — деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

