Байтиктеги жер тилкелерин туура эмес бөлүштүргөн чиновниктер кармалды (видео)

Айта кетсек, 2 гектар жер тилкеси кезек тартибин бузуу менен 25 жаранга бөлүнүп берилген, ошол себептен жергиликтүүлөр мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранып, текшерүү башталган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Натыйжада Байтик айыл аймагынын мурдагы башчысы 1975-жылы туулган А.А., азыркы жер боюнча адиси 1992-жылы туулган С.Б. крмалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Маалымат үчүн: Айылдагы бир жер тилкесинин базар баасы 70 миң доллардан 100 миң долларга чейин.
10.07.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.