super.kg logo
  Саясат  

"Катып жатпагыла..." Садыр Жапаров чиновниктерге кайрылды

 
Бүгүн, 10-июлда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Молдобасанов көчөсүндөгү турак жай комплексиндеги үйлөрдүн ачкычын тапшыруу учурунда, мурдагы жана азыркы бийлик өкүлдөрүнө кайрылды.
Анын айтымында, көпчүлүк чиновниктер жеке кызыкчылыктары үчүн ипотекалык көп кабаттуу үйлөр курулуучу жерлерди катып жатат.
"Мен 5 жылдан бери кайра-кайра кайталап айтып келе жатам, силер болсо жеке кызыкчылыгыңарды биринчи орунга коюп, жерлерди жеке жактарга кармата берип жатасыңар. Мына ушундай фактылар менен камалып кеткен мэрлер менен акимдерди жалпы эл-журт дагы көрдүңөр. Миң үй-бүлөнү батырчу жерди бир кишиге кармата салып жатышат.
Албетте, чөнтөк кызыкчылыктары үчүн. Кеч боло электе, кайткыла мындай коррупциялык көрүнүштөрдөн. Бийик кабат үйлөрдү курууга мүмкүн болгон жерлердин баарын Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп бергиле. Катып жатпагыла андай жерлерди.
Биздин өлкөбүздүн аянтынын 94 пайыз тоолор ээлейт. 6 эле пайызы түз жерлер. Ошону унутпагыла. Биз бүгүнкү күндө эле эмес, келечек муунду дагы эстен чыгарбашыбыз керек. Ошондуктан колдон келишинче курулуштарды туурасына карай эмес бийиктикке карай салганга басым жасашыбыз керек", - деп жыйынтыктады Жапаров өз сөзүн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: