Өлкөдөгү айылдарга да ипотекалык үйлөр курулат
Кыргызстанда шаарлар менен район борборлоруна мамлекеттик ипотекалык үйлөр курулган соң айылдарда колго алынат. Мындай билдирүүсүн бүгүн, 10-июлда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Молдобасанов көчөсүндөгү турак жай комплексиндеги үйлөрдүн ачкычын тапшырып жатып билдирди.
"Айылдарга деле ушундай шарттарда 25 жылга чейинки ипотекалык негизде жер тамдарды куруп беребиз. Ошентип өлкө боюнча жарандарыбыз айылдарда да өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй заманбап үйлөрдө жашагандай шарттарды түзүп беребиз. Бул заманга дагы, Кудай буюрса, алдыда дагы 5-10 жылда жетип калабыз", - деди президент.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

