super.kg logo

ИИМ Бишкекте мас жарандардын окуясы боюнча түшүндүрмө берди

 

Ички иштер министрлиги Бишкекте милиция кызматкери жаранды бир сокку менен жыгыткан окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Билдирүүгө таянсак, 10-июлда “102” кызматына Кулиев көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде белгисиз жарандар ичимдик ичип, чыр-чатак чыгарып жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган факт шаардык милиция тарабынан каттоого алынган. Окуя болгон жерде бир нече жаран мас абалында коомдук тартипти бузуп, өтүп бара жаткан адамдарга асылып, сөгүнүп жаткандыгы аныкталган.

Милиция кызматкерлери ал жерге барганда алар кызматкерлердин талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөн.

"Окуя учурунда милиция кызматкерлеринин бири, айланадагы адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мыйзам чегинде белгизсиз жарандын бирине карата самбо ыкмаларын колдонууга аргасыз болгон.

Окуяга байланыштуу милиция кызматкери өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында физикалык күч колдонууга мажбур болгон учур боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө",- деп билдирди министрликтен.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарды милиция кызматкери жаранды бир сокку менен жыгытып, ал эс-учун жоготуп койгону тартылган видео тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: