Армения менен Азербайжан сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашты
Кечээ, 10-июлда Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Абу-Даби шаарында өткөн жолугушууда эки өлкөнүн мамилелерин жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.
Тараптардын биргелешкен билдирүүсүндө лидерлер эки тараптуу байланыштарды улантуу боюнча макулдашканы жана чек араны делимитациялоо ишин улантуу боюнча мамлекеттик комиссияларга тапшырма бергендиги айтылган.
"Тараптар мамилелерди жөнгө салуу процесси боюнча бардык маселелерди чечүүдө эң натыйжалуу формат – бул эки тараптуу сүйлөшүүлөр экенин тастыкташты. Ушул негизде, натыйжага багытталган мындай диалогду улантуу боюнча макулдашууга жетишилди"',- деп жазылган Азербайжан менен Армениянын Тышкы иштер министрликтеринин биргелешкен билдирүүсүндө.
Алиев менен Пашиняндын сүйлөшүүсү болжол менен беш саатка созулган. Бул жолугушуу акыркы төрт айда тынчтык келишиминин тексти макулдашылгандан кийин биринчи жолу өттү. Бирок ал келишимге азырынча кол коюла элек, анткени Азербайжан тарап кошумча шарттарды коюуда.
Алар төмөнкүлөрдү талап кылышууда:
-
ЕБСЕнин Минск тобун таркатуу, анын тең төрагалары — Орусия, АКШ жана Франция;
-
Армениянын Конституциясына өзгөртүү киргизүү, анын ичинде Тоолуу Карабах тууралуу бөлүктөрдү алып салуу.
Эки өлкө жетекчилери сүйлөшүүлөрдү улантууга жана чек ара маселесин чечүүгө умтулуп жатканы эки тараптын тынчтыкка умтулуусунун белгиси катары каралууда.

