super.kg logo

Германиянын канцлери Путинден Украинадагы чыгым үчүн 500 миллиард евро талап кылды

 

"Орусия Украинанын толук масштабдуу согуштан улам тарткан чыгымын компенсациялоого милдеттүү",- деп билдирди Германиянын канцлери Фридрих Мерц Украинаны калыбына келтирүү боюнча Римде өткөн конференциянын алкагында. Германиянын федералдык өкмөтүнүн сайтында маалымдалгандай, Берлиндин баалоосу боюнча зыяндын суммасы болжол менен 500 миллиард еврого жетет.

"Орусия бул материалдык зыянды компенсациялашы керек. Бул болмоюнча, ал өзүнүн активдерине жетишүү укугуна ээ болбойт жана ээ болбошу керек",- деп белгиледи Мерц.

The Moscow Times басылмасы жазгандай, жүздөгөн миллиард еврого жеткен Орусиянын мамлекеттик активдери, негизинен Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдө жайгашкан.

2022-жылдын февралында Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып кирүүсүнөн кийин Батыш өлкөлөрү Орусиянын Борбордук банкы менен Улуттук жыргалчылык фондуна каршы санкция киргизишкен. Натыйжада, G7 өлкөлөрүндө жайгашкан активдери тоңдурулган. 2024-жылы G7 өлкөлөрү Орусиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешени Украинага колдоо көрсөтүү үчүн колдонууга макул болушкан. Бул каражаттар Украинага берилген 50 миллиард долларлык насыяны тейлөөгө жана кайтарууга жумшалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: