Трамп Африка өлкөлөрүнө АКШдан депортацияланган мигранттарды кабыл алууну сунуштады
АКШ президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттарынан депортацияланган мигранттарды кабыл алуу сунушун Африка өлкөлөрүнө киргизди. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты.
"Шаршемби күнү президент Трамп Батыш Африканын беш өлкөсүнүн лидерлери менен болгон жолугушууда Африка мамлекеттеринин башчыларына басым көрсөтүп, алар АКШдан депортацияланган, бирок өз өлкөлөрү кабыл алуудан баш тарткан мигранттарды кабыл алууга макул болуусун талап кылган",- деп айтылат мааалыматта.
Маалыматка ылайык, Либерия, Сенегал, Мавритания, Габон жана Гвинея-Бисау өлкөлөрүнүн лидерлери Ак үйдө экономика жана коопсуздук маселелери боюнча саммитке келгенге чейин, Мамлекеттик департамент ар бир өлкөгө мигранттарды кабыл алуу тууралуу сурам жөнөткөн.
Басылма Мамлекеттик департамент тарабынан аймактагы өкмөттөргө берилген ички документ менен таанышкан. АКШ тарабынан сунушталган документте өлкөлөрдөн "Америка Кошмо Штаттарынан үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын татыктуу, коопсуз жана өз убагында өткөрүлүп берилишин" камсыздоо талап кылынган.
Документке ылайык, өлкөлөр ошондой эле мигранттардын АКШга башпаанек берүү тууралуу арыздары боюнча акыркы чечим чыгарылмайынча, аларды "өз мекенине же мурдагы туруктуу жашаган өлкөсүнө кайтарбоого" макул болушу керек. Бирок бул сунушту кайсы өлкө кабыл алары азырынча белгисиз.
Буга чейин Трамптын администрациясы Африка, Азия жана Чыгыш Европанын бир катар өлкөлөрү менен депортацияланган мигранттарды кабыл алуу тууралуу макулдашууларды түзүүгө умтулуп жатканы белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, Вашингтон азыр Ливия, Руанда, Бенин, Эсватини, Молдова, Монголия жана Косово өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
