АКШнын мамлекеттик катчысы: "Орусия январдан бери 100 миң аскерин жоготту"
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Орусия Украина менен болгон согушта жыл башынан бери 100 миң аскеринен айрылганын айтты. Ал бул тууралуу Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн АСЕАН форумунда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккандан кийин өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.
"Январдан бери Орусия 100 миң аскерин жоготту. Набыт болду. Украин тараптын жоготуулары азыраак. Бирок абдан маанилүү",- деди ал.
Рубио ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамп согуштарды жактырбай турганын, куралдык кагылышуулар адам өмүрүн жоготуу жана акча каражатын ысырап кылуу деп эсептей турганын айтты.
"Ал бул жана башка согушту токтотуу үчүн колунан келгендин баарын жасайт. Эгер мүмкүнчүлүгү болсо. Бул иштер убакытты жана чыдамкайлыкты талап кыларын түшүнөбүз",- деп кошумчалады АКШнын мамлекеттик катчысы.
