Кичинекей кызды сактап калам деп өз жанын берген жаран...






Красноярск шаарынын тургуну Дмитрий Енисей дарыясына чөгүп бара жаткан кызды сактап, бирок өзү каза болуп калган. Анын сөөгү дагы эле табыла элек. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 7-июлда, Дмитрий жана анын жубайы Полина үч жашар кызы жана достору менен дарыянын жээгинде эс алып жатышкан, жакын жерде бир топ балдар апасы менен ойноп жатышканын байкашкан.
"Биз жөн эле сейилдөөгө чыкканбыз, сууга түшпөйбүз дегенбиз, анткени коркунучтуу экенин билет элек. Беш-он мүнөт убакыт өткөрдүк, кызыбызга сууга таш ыргытууга уруксат бердик. Балдар сууга тизесине чейин кирип ойноп жүрүшкөн, бирок биздин кызга күйөөм сууга түшкөнү уруксат берген эмес, бул жер коркунучтуу деп түшүндүргөн. Бир маалда жардам сураган кыйкырык угулду. Баягы бизге жакын отурган аял, анан балдар кыйкырып жатты. Андан кийин эмне болгонун эстеп калуу абдан кыйын. Күйөөм ошол замат кепкасын, бут кийимин чечип, телефонун ыргытып жардамга, ойлонбостон сууга секирип кетти. Бейтааныш аялдын кызы сууга агып кетиптир.
Дима куткарылган кыз менен сүзүп чыга албай калган. Күйөөм кызды жээкке түртүп салды, аны жардамга келген киши кармаганга үлгүрдү, бирок кыздын өмүрүн сактаган күйөмдү куткара албадык. Ал ошол замат суудан тартыла албай калды. Ошол жерде агым өзгөчө күчтүү, бул канал коркунучтуу эле. Диманын досу такыр сүзө албайт, ал эми башка бир топ эркектер жардамга кечирээк келип калышты",- деген маркумдун жубайы Полина.
Ал ошондой эле бул убакта бардык нерсени 3 жаштагы кызы көрүп турганын белгиледи.
"Вера жээктен бүт окуяны көрдү. Ал атасынын чоочун бала үчүн сууга түшкөнүн көрдү, бирок ал кайра жээкке чыга албай калганын дагы. Кызым 3 жаш 4 айлык. Мен аны менен кийинчерээк сүйлөштүм. Атасы эми жок экенин түшүндүрдүм. Ал дагы эле абдан түшүнүксүз кызык абалда. Кээде ооба, атам өлдү, кээде кызды суудан чыгарганы кетти кайра келет деп жатат. Ал эң камкор күйөө, ата, эң жакшы дос эле. Жоопкерчиликти жакшы билген адам. Ал жашоону абдан жакшы көрчү" ,- деди ал.
Учурда издөө иштери жүрүп жатат.

