Кыргызстанда алгачкы ирет "Арстанбап" жаңгагына Географиялык көрсөткүч күбөлүгү ыйгарылды
Кечээ, 10-июлда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин орун басары Жаныбек Керималиевдин катышуусунда Географиялык көрсөткүчтү (ГК) каттоо маселелери боюнча тегерек стол уюштурулду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Иш-чарада Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү Кыргызстандын тарыхында алгач ирет "Арстанбап" кыргыз жаңгагынын Географиялык көрсөткүчү катталгандыгы тууралуу күбөлүктү салтанаттуу тапшырды.
"Арстанбап" кыргыз жаңгагынын Географиялык көрсөткүчүн башкаруу ассоциациясынын мүчөлөрү жана чакырылган адистер документтерди даярдоо жана каттоо процедурасынан өтүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, ошондой эле иштетүүчү мүчө ишканаларда Географиялык көрсөткүч боюнча процедураларды колдонуу жана жапайы жаңгакты катталган Географиялык көрсөткүч катары илгерилетүү пландары тууралуу маалымат беришти.
Тегерек столдун катышуучулары потенциалы жогору кыргыз продукциясын Географиялык көрсөткүч катары каттоого даярдоо жана мамлекеттик органдар менен донордук уюмдардын колдоосу маселелерин талкуулашты.


