“НБК” курулуш компаниясына үй сатып алып жаткан жарандар нааразы. Себеби...





10-июлда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “НБК” курулуш компаниясынын жетекчиси жана компанияга нааразы болуп жаткан жарандар менен жолукту. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу “НБК” компаниясы куруп жаткан немис кварталындагы көп кабаттуу турак үйүнүн алдында өттү. Министр объекттин курулушу менен таанышып чыгып, курулуш иштерин өз убагынан кечиктирип жаткан компанияга 10 күндүк убакыт берди. Бул аралыкта компаниянын курулуш иштери тездеп, үлүш ээлери тарабынан көтөрүлгөн маселелер чечилүүсү керек.
Ошондой эле, министр Нурдан Орунтаев “НБК” компаниясынын курулуш объекттери көзөмөлдө болорун билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:52
2025-07-11
13:11
2025-07-11

11:22
2025-07-11

10:27
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.