super.kg logo

Бүгүнкү күнгө карата жылдыз төлгө 

 

Бүгүн, 11-июлга жазылган астрологдордун жылдыз төлгөсүн сунуштайбыз. Алардын айтуусу боюнча бүгүн бардык эле жылдыздар үчүн жакшы күн болот. Кээ биринде карьерада болсо, кээ биринде достукта. Бирок бул нерсени астрологдор жөн гана божомолдой турганын, ага ишенүү же ишенбөө ар бирибиздин өз эркибиз экенин белгилеп кетебиз. Күнүңүз ийгиликтүү өтсүн, окурман!

Кой

(21.03–20.04)

Бүгүн кой жылдызы жөн гана бакыт жана энергия менен жаркырап турат. Ал эми бул энергияны пайдалуу, жакшы иштерге колдонуу маанилүү. Жумушта дагы жакшы иштеп, өзүңүздү мыкты кызматкер экениңизди далилдеңиз. Кой белгиси үчүн бүгүнкү гороскоп бардык нерсени кечке жылдырбоого кеңеш берет - кеч бардык нерсе менен күрөшүүгө күч азыраак болот. Эртеден баштап бардык маанилүү нерселерди колго алыңыз, ошондо ийгилик сиз менен болот.

Букачар

(21.04–20.05)

Букачарлар өздөрүнүн креативдүүлүгүн иштетиши керек – чечимдер жана аракеттер канчалык адаттан тыш болсо, ошончолук көп нерсеге жетесиз. Сиздин ичиңизде укмуштуудай күч, идеялар бар. Букачар белгиси үчүн бүгүнкү гороскоп көңүлдүү кечелерден же окуялардан баш тартууну сунуштайт - эми жумуш жана өзүң жөнүндө ойлонушуң керек. Сиз жаңы сонун максаттарды алдыга коёсуз.

Эгиздер

(21.05–21.06)

Эгиздер жетекчиңиздин алдында өзүңүздү мыкты көрсөтүшүңүз керек – бардык жакшы сапаттарыңызды көрсөтүңүз. Сизди байкап калышат, атүгүл көтөрүлүшүңүз мүмкүн. Эгиздер үчүн бүгүнкү гороскоп үйүңүздү тазалаганды, үй тиричиликтерин ойлобой, жумуш жөнүндө ойлонуңуз деп кеңеш берет. Кечинде машыгуу залына баруу абдан маанилүү – спорт баш мээңизди эс алтууга жардам берет.

Бөйөн
(22.06–22.07)

Бөйөндө энергия абдан көп болот. Аны жакшы иштерге колдонуңуз – жакындарыңызга, муктаж адамдарга жардам бериңиз. Жакшылык сөзсүз сизге кайтып келет. Бөйөн белгиси үчүн бүгүнкү гороскоп соода борборун кыдырууну - жакшы нерсе сатып алууну сунуштайт. Эс алыңыз. Эч нерсени баштабаңыз – жаңы иштерди башка күнгө жылдыруу жакшы.

Арстан

(23.07–23.08)

Арстандар үчүн кандайдыр бир нерсеге көңүл буруу кыйын болот. Маал-маалы менен жумуш алаксытат. Бул күнү бир аз эс алсаңыз болот. Көп ойго батпаңыз. Арстан белгиси үчүн бүгүнкү гороскоп эч кандай ишти кечке калтырбоого кеңеш берет – ал иштерди күндүн биринчи жарымында бүтүрүү керек.

Бийкеч

(24.08–23.09)

Бийкечтердин маанайы жакшы жана энергиясы сонун болот. Жакшы энергияны маанилүү иштерге колдонууга аракет кылыңыз. Бул сиз үчүн жагымдуу нерсеге айланат. Бирок муну күндүн биринчи жарымында жасоо маанилүү, кийин жалкооңуз кармап калат. Бийкечтин бүгүнкү гороскобу азыраак басууну сунуштайт - бул күнү сиз эч ким уккусу келбеген нерселерди айтасыз. Өзүңүздү колуңузда, сөзүңүздү оозуңузда сактаңыз.

Тараза

(24.09–23.10)

Бүгүнкү күндө таразалар үчүн эң маанилүү нерсе - бул күнүмдүк жашоо жана күнүмдүк иштер. Бул кызыксыз болот, бирок иштеш керек. Албетте,өнүгүү үчүн. Эми дагы бир нерсеге жетишүүгө мүмкүнчүлүк бар. Таразалар үчүн бүгүнкү гороскоп кечинде чыгармачылык менен алектенүүнү сунуштайт - креатив көп болот, өзгөчө татаал маселелерде жардам берет. Тобокелдикке баруудан коркпоңуз.

Чаян

(24.10–22.11)

Чаяндар негативке көп учурашы мүмкүн. Бирок айтылат го, бир жамандыктын артынан, жакшылык келет деп. Ал тургай эң терс жагдайларда да оң нерсе болушу мүмкүн. Чаян белгисинин бүгүнкү гороскобу достук мамилеге ачык болууну сунуштайт – бул күнү сизди жаңы жетишкендиктерге түрткөн жакшы адамдарды жолуктура аласыз. Сиз билбеген нерселерди үйрөнүп, тапшырмаларды аткарыңыз - аларда сизди ийгиликке түртөт.

Жаачы

(23.11–21.12)

Жаачы бир гана иштеши керек. Дал ушул күнү карьераңызда эң сонун натыйжаларга жетише аласыз. Бул сиздин келечекке болгон пландарыңызды түзүү каалооңузду жогорулатат. Жаачы жылдызынын бүгүнкү гороскобу кечинде үйдө болууну сунуштайт - чакырууларды эч жерде кабыл алуунун кереги жок, анткени алар көйгөйгө айланат.

Текечер

(22.12–20.01)

Текечерлерде карьералык тепкичти көтөрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр болот. Сиз иштешиңиз керек. Текечер белгиси үчүн бүгүнкү гороскоп талашып-тартышууну сунуштайт. Өзүңүздүн оюңузду тартынбай айтыңыз. Сүйүктүү адамдарыңызга дагы көңүл бөлгөндү унутпаңыз.

Суу куяр

(21.01–19.02)

Суу куярлар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн күнү. Бүгүнкү гороскобу кылдат болууну сунуштайт – эгер сиз бардык майда-чүйдөсүнө чейин байкасаңыз, анда эч кандай көйгөй болбойт. Андыктан кырдаалга көз жумбай, толук карап, анализдеңиз. Ошондо жаңылбайсыз.

Балык

(20.02–20.03)

Балыктар достук мамиледе болушу керек – сизди дагы бир нерсе кылууга шыктандырган бейтааныш адамдарды жолуктурасыз. Бул күнү эч кимди сындабоо абдан маанилүү – сөзсүз чырга кабылып, мамилени бузасыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: