Бишкекте мөөнөтү өткөн чет өлкөлүк азыктар сатылып келген. УКМК 3 адамды кармады (видео)












Чет мамлекеттерден мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын өлкөгө алып келип, аларды кайра жаңы товар катары жасалмалап сатып келген деген шек менен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, "Корзинка" ЖЧКсынын 37 жаштагы негиздөөчүсү 5-6 жылдан бери өлкө аймагына чет өлкөлөрдөн арзандатылган баада алынган тамак-аш азыктарын ташып келген. Ал мөөнөтү өткөн азыктарды өлкөгө колдонууга жарактуу товарлар менен аралаш жүктөп келип турган. Бул өз кезегинде импорттук көзөмөл баскычында текшерүү иштерин татаалдаткан.
Атайын кызмат Европадан соус, сыр, май, деңиз азыктары ташылып келип турганын белгиледи. Товарлар кайра өлкөдөгү ири базарларга, Бишкектеги элиталык кафелерге, ресторандарга, кофе ичүүчү жайларга сатылып турган.
УКМК аталган компаниянын Бишкектеги дүкөнүндө тинтүү жүгүзүлгөнүн да маалымдады. Ал жактан товардын жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүүчү лаборатория, оригиналдуу этикеткаларды бурмалоо үчүн шаймандар, чекене түйүндөр жана онлайн-платформалар аркылуу жүргүзүлгөн массалык сатуулар боюнча иш кагаздары табылган.
Натыйжада "Корзинка" ЖЧКсынын иши токтотулуп, негиздөөчүсү менен бирге компания директору жана дүкөндүн башкаруучусу камакка алынган. Учурда мыйзамсыз схеманын башка катышуучуларын аныктоо иштери жүрүүдө.
УКМК
