Баасы 10 миллион доллар. Дүйнөдөгү эң кымбат сумка сатылды
Жейн Биркинге таандык болгон жана атактуу Birkin моделинин прототиби болгон Hermеs сумкасы Sotheby’s аукционунда 10,1 миллион долларга сатылып, тарыхта эң кымбат баада сатылган сумка болуп калды.
Сумканы Япониядан келген жеке коллекционер сатып алган. Анын ысымы ачык айтылган жок.
Буга чейинки рекорд — 2021-жылы сатылган Hermеs Kelly сумкасына таандык болчу. Ал 513 миң долларга бааланган жана крокодил терисинен жасалып, бриллианттар менен кооздолгон.
Sotheby’s аукцион үйүнүн маалыматына ылайык, сатуу болжол менен 10 мүнөттүк аукцион учурунда болгон, ага он сатып алуучу катышкан.
Кара булгаарыдан жасалган бул сумка 1985-жылы атактуу ырчы жана актриса Жейн Биркин үчүн атайын жасалган. Ал убакта ал Hermеs компаниясынын төрагасы Жан-Луи Дюма менен учакта катар отуруп баратканда, сумкасы жерге түшүп кетип, ичиндеги нерселер чачылып кеткен. Ошол учурда Жейн Биркин андан: "Эмнеге Hermеs чоңураак, ыңгайлуу чөнтөктөрү бар сумкаларды жасабайт?",- деп сураган.
Бул окуядан кийин Жан-Луи Дюма өз колу менен эскиз тартып, актрисанын каалоосуна жооп берген жаңы дизайндагы сумканы ойлоп тапкан. Кийинчерээк Hermеs бул сумканы кеңири өндүрүшкө чыгарып, ал дүйнөдөгү эң белгилүү жана люкс аксессуарлардын бири болуп калган.
1994-жылы Жейн Биркин бул сумканы СПИДге каршы күрөшкөн кайрымдуулук уюму үчүн каражат чогултуу максатында аукциондо саткан. Бүгүнкү күндө айрым Birkin сумкаларынын баасы он миңдеген долларга чейин жетет.
Аларды колдонгон белгилүү адамдардын катарында Кейт Мосс, Виктория Бекхэм жана Женнифер Лопес бар.
