Кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин шеригин Дубайдан Казакстанга алып келишти
Белгилүү казакстандык кримтөбөл Арман Жумагелдиев менен байланышы бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бириккен Араб Эмираттарынан Казакстанга алынып келинди. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынан кабарлашты.
"Ал Жумагелдиевдин кылмыштуу тобунун курамында 2022-жылдын 5-январынан 7-январына чейин Алматыдагы массалык баш аламандыктарга активдүү катышкан деп шектелүүдө",- деп түшүндүрүштү ведомстводон.
Шектүү январь окуясынан кийин жашырынып, дээрлик үч жыл эл аралык издөөдө жүргөн. Ал БАЭде кармалган. Казакстандын Эмираттардагы элчилигинин, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин көмөгү менен ал Дубайдан экстрадицияланган.
Учурда шектүү Астана шаарындагы СИЗОго киргизилди. Ал массалык баш аламандыкка катышкандыгы үчүн 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Быйыл июнь айынын башында Шымкенттин соту белгилүү кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин ( “Жапайы Арман") шериктеринин ишин кароону аяктады. Жалпысынан соттук коллегияда анын кылмыштуу тобунун мүчөлөрү деп таанылган алты адам болгон.

