ЕАЭБде тегерек стол болуп өттү (фото)






10-11-июлда Евразия экономикалык комиссиясында "Жарандык авиациядагы учкучсуз авиациялык системдер: келечек, чакырыктар жана жөнгө салуу" темасында тегерек стол болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде жарандык максаттарда учкучсуз авиациялык системдерди (УАС) колдонуу маселелери, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) эксплуатациялоо коопсуздугун камсыздоо маселелери каралды.
Тегерек столдун алкагында УАС чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү жөнгө салуу боюнча эл аралык тажрыйба жана таанышуу иштери жүргүзүлдү. Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО), Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) жана Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (ИАТА) өкүлдөрү эл аралык жөнгө салуу боюнча актуалдуу темаларды жана маселелерди сунушташты.
Жыйынтыгында катышуучулардын сунуштарын камтыган Резолюция дайындалды. Анда учуулар коопсуздугун камсыздоо жаатындагы нормативдик актыларды шайкеш келтирүү, санариптик технологиялардын, анын ичинде жасалма интеллекттин ролу боюнча сунуштар жана тыянактар каралган.


