super.kg logo

Казакстанда көчөлөрдө валютанын курсун көрсөткөн электрондук таблолорго тыюу салынды

 

Казакстанда накталай чет элдик валюта менен алмашуу операциялары боюнча эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизген токтом жарыяланды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Документке ылайык, валютанын курсу көрсөтүлгөн стенддер алмашуу жайынын ичинде же операциондук кассанын түз жанында жайгаштырылышы керек.

Бул маалыматтык стендди алмашуу жайынын сыртында, анын ичинде имараттардын жана курулмалардын чатырында, тышкы бетинде, стационардык, жылма жана сыртка чыгарылуучу стенддерде жайгаштырууга жол берилбейт.

Бул маалыматтык стенд алмашуу жайынын сырткы ачык мейкиндигинен көзгө көрүнбөшү да шарт.

Бул талаптар алмашуу жайы көп функциялуу имараттарда (анын ичинде бизнес борборлордо), темир жол вокзалдарында, казинолордо, эл аралык аэропорттордун аэровокзалдарынын ичинде, автотранспорттук, деңиз жана дарыя чек ара өткөрмө пункттарынын аймагында жайгашкан учурда гана колдонулбайт.

Ошондой эле токтомдо ар бир алмашуу жайында накталай чет элдик валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө берилген лицензиянын көчүрмөсү казак жана орус тилдеринде кардарлар көрө ала турган жерде илиниши керектиги айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: